Пневмония деген эмне кандай оору

Пневмония деген эмне кандай оору thumbnail

Учурда өлкө боюнча эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Ооруканалар менен обсервацияларда орундун жетишсиздиги байкалып, көп адамдар медициналык жардам ала албай убара. Март айында тутанган COVID-19 илдетине кошумча пневмония күч алып, андан каза тапкандардын саны жалпы 268 адамды түздү. Ал эми коронавирустан дарыланып жаткандардын ичинен март айынан бери жалпы 112 адам көз жумду.

Абалга жараша үйдө дарылангандар көбөйдү. Бирок көпчүлүк жарандарда маалымат жок. Ар кайсы булактан алган кеңештерди угуп, өздөрүнө жана жакындарына жардам берүүгө мажбур.

Пневмония деген эмне кандай ооруSUPER.KG порталы азыркы жүрүп жаткан пневмония COVID-19дун бир түрүбү же өзүнчө оорубу, пневмониянын өрчүшүнө кандай факторлор таасир берди жана андан сактануунун жолдору барбы деген суроолор менен №1 шаардык клиникалык ооруканасынын пульмонологу Замира Отонбаевага кайрылды.

– Саламатсызбы Замира Низамидиновна. Соңку жарым жыл ичинде коронавирус тууралуу маалымат кенен жайылып, пневмония тууралуу эч кандай маалымат жок болууда. Пневмония деген бул кандай оору? Ал кандай учурда өрчүйт, анын симптомдору кандай, ал жугабы?

– Пневмония – бул өпкөнүн сезгенүүсү. Ал адам суукка катуу урунганда, витаминдин жетишсиздигинен, нымдуу жерде көп жүргөндө же ным, сыз үйдө жашагандарда, сасык тумоодон жакшы айыкпай калганда пайда болот. Негизи эле пневмония бул кан алмашуу адаттагыдай болбой калганда келип чыккан оору. Демек көп кыймылдап, таза абада жүрүү керек. Анын алгачкы белгилеринде адам чыйрыгат, тердейт, бир нече сааттан кийин адамдын дене табы 40 градуска чейин көтөрүлүшү мүмкүн, тамакка табити жоголот, дем алуу кыйындайт, энтигүү пайда болот.

Ооба, пневмония адамдан адамга жугат. Бирок анын жугуп калуу тобокелдиги пневмониянын түрүнө жараша болот. Пневмониянын өрчүшүнүн этиологиялык факторлоруна вирустар менен бактериялар кирет.

– Азыркы жүрүп жаткан пневмония бул коронавирус козгогон эле дартпы? Анда эмне үчүн штаб пневмонияны коронавирус деп эле атабай жатат? Айырмасы эмнеде?

– Азыркы жүрүп жаткан ооруканадан сырткаркы пневмония дегенибиз – бул үй шартында жуккан пневмония. Себеби госпиталдык пневмония деген дагы түрү бар. Бул илдет өтө жугуштуу жана коркунучтуу COVID-19 инфекциясы козгогон оорудан улам келип чыккан пневмония. Бул коронавирус жогорку дем алуу органдарынан төмөнкү дем алуу органдарга түшүп кетип, бир гана өпкөнү эмес, бардык органдарды жабыркатып жатат дегенди түшүндүрөт. Медициналык тил менен айтканда, азыр пневмония эмес, пневмонит жүрүп жатат. Жөнөкөй тил менен түшүндүргөндө, биз дем алганда аба бронхторго барат. Бронхтор бутак сыяктуу бронхиолдорго бөлүнөт. Бронхиолдордун учунда кичинекей кап сыктуу альвеолдор жайгашкан. Мына ошол альвеолдор аркылуу аба канга өтүп, андан көмүр кычкыл газы бөлүнүп чыгып кетет. Пневмотитте канга аба өтпөй калат да, кычкылтектин жетишсиздиги жүрөт. Мындай учурда тромб пайда болуп, кан коюлуп, бейтаптын абалы оорлошуп кетүүдө. Ошондуктан азыркы пневмонияны дарылоо алгоритми кадимки пневмонияны дарылоо алгоритмине ылайык жүргүзүлбөйт. Бул жерде кандын коюланышын алдын алуу үчүн антиагреганттар+антикоагулянттар берилет. Мисалы тромб пайда болбошу үчүн гепарин препараты берилет.

Штаб тарабынан статистиканын өзүнчө берилип жатканы ПЦР-анализинен коронавирус аныкталбай жатканында деп ойлойм. Айырмасы ушул анализден аныкталбай жатканы эле болбосо, COVID-19 менен ооруканадан сырткаркы пневмонияны бөлүп кароого болбойт.

– Пневмониянын алгачкы симптомдору байкалары менен андан ары курчуп кетпеши үчүн адегенде эле эмне кылуу керек? Бактерияга каршы антибиотиктерди ичип баштоо керек деген туурабы? Негизи эле пневмония болбоо үчүн кандай профилактика керек?

– Эгер коронавирустун жеңил формасы менен ооруп калса, үйдөн дарыланса болот. Жеңил формасына беш күндөн ашпаган жогорку дене табы, алсыздануу, жыт, даам сезбей калуу, жана сасык тумоонун белгилери кирет. Бул жерде организмде жүрүп жаткан белгилерге жараша симптоматикалык дарылануу жүргүзүү керек:

  • Дене табы жогору болуп жатса, парацетамол 500 деген түрүнөн күнүнө төрт маал ичүү керек;
  • Ич өтүүдө, алсызданууда суюктукту көп ичип, витаминдүү тамактануу жана курамында С витамини бар дарыларды ичүү;
  • Мындан тышкары фурацилин менен оозду чайкап туруу зарыл, мурунду дагы таза суу менен же бир аз туз, соданын аралашмасы менен чайкап турса болот;
  • Баса, белгилер пайда болору менен колдон келсе үй-бүлөлүк дарыгерге маалымат берип койгула;
  • Эгер пневмониянын белгиси жок болсо (дем алуунун кыйындашы), антибиотик алуунун кереги жок;
  • Тердөө сасык тумоодо дагы, коронавируста жана пневмонияда дагы кездешүүчү белги. Тердөө бул организмде уулануу жүрдү деген сөз. Мындай учурда эч болбогондо аймактык дарыгерге кайрылып, кеңеш алып койгула.

Ушундай калыпта беш күн дарыланса болот. Эгер ошол убакыт аралыгында дене табы дагы деле жогору болуп, басып жүргөндө же отурганда деле дем алуу кыйын болуп жатса, дарыгерге көрүнүү керек.

Пневмониянын алдын алуу үчүн туура тамактануу керек, кайнатылган суу ичкиле, имбирь кошулган чай ичкиле. Таза абада көп жүрүү керек, кыймыл-аракет көп болушу шарт, колдон келсе дене тарбия гимнастикасы менен дем алуу органдарынын гимнастикаларын жасап турса пайдалуу. Өпкөгө чаң көп кирбеши керек. Калгандары элементардуу эле нерселер жашаган жериңерди бат-баттан желдетип, кургак, таза кармоо, гигиенаны сактоо.

– Пневмониянын кайсы симптомдору пайда болгондо ооруканага жетип баруу керек?

– Эгер жөтөлгө кошулуп какырык, жашыл ириң чыга баштаса, дем алуу өтө оорлошуп кетсе стационар шартында гана дарылануу керек болуп калат.

– Пневмония болуп жаткан бейтапка эмне кооптуу? Үйдө дарыланууда кандай дарыларды ичүүгө болот жана болбойт?

– Пневмонияны үйдө дарылоого болбойт. Жогоруда айткандай, коронавирустун жеңил түрүн үй шартында беш күнгө чейин дарыласа болот. Анткени ал курч респиратордук оорунун бири катары кабылданып жатат. Бирок ошондо деле белгилер кетпесе, дарыгерге кайрылгыла. Ал эми пневмониянын белгилери байкалары менен эч болбогондо, аймактык дарыгерден консультация алгыла. Өз алдынча дары же антибиотик ичип, дарыланганга болбойт. Айрымдары сасык тумоого деле аспирин ичип жатыптыр, аспирин пневмония болгондо дарылоо курсуна кошулуп жазылып берилип жатат.

– Акыркы кезде пневмониядан улам каза тапкандардын арасында жаштар дагы болуп жатат. Эмне себептен жаш организм пневмонияны көтөрө албай жатат?

– Себеби алар ооруну өрчүтүп жиберишкен. Оору өтүшүп кеткенде антибиотиктер жардам бербей калат. Түшүнөм азыр ооруканада киши көп, дарыгерлер жетишпей жатат. Бирок азыр карантин маалындай эмес, жолдор ачык, бардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору иштеп жатат. Оорунун белгилери байкалары менен жок дегенде консультация алып туруп, дарылангыла. Ден соолук үчүн күрөшүү керек. Бизде көбүнчө такыр эле чыдатпай калганда кайрылышат. Адамдар көп топтолгон жерге баргандан корксоңор бет кап, кол кап кийгиле, жаныңарга антисептик алып жүргүлө. Бардык коопсуздук чараларын аткаргыла бирок, ооруну күчөтүп жибербеш керек.

– Спирт ичимдигин көп ичкендер менен чылым чеккендер тобокел тобуна киреби?

– Чынын айтканда, азыркы пневмотит жаш-карысына карабай баары үчүн кооптуу. А бирок чылым чеккендер менен спирт ичимдигин көп ичкендерде оорунун жүрүшү оор өтөт. Ошондой эле өнөкөт оорусу барлар дагы тобокел тобуна кирет.

– Акырында жарандарга эмне деп кайрылып кетет элеңиз?

– Урматтуу элим, сак болгула. Зарыл иш болбосо үйдөн чыкпагыла. Азыр ар бирибиздин кыймыл-аракетибизден жалпы элдин бул абалдан чыгып кетүүсү көз каранды болуп турат. Канча айдан бери күрөшүп келе жатабыз. Кээ бир адамдар дагы деле оорунун бар экенине ишенбей, өлкөдөгү абалга баам салбай жүрөт. Интернеттеги ар кайсы такталбаган маалыматтарга ишенбегиле. Учурдагы илдет өтө жугуштуу. Андыктан бет кап кийгиле, колуңарды бат-баттан самындап жууп тургула, адамдар көп чогулган жерге зарыл болбосо барбагыла. Инфекция ар бир жерде болуп калышы мүмкүн. Оор кырдаалга карабай өзүңөрдү жана жакындарыңарды моралдык жана психологиялык жактан шыктандырып тургула. Кичинекей кезде ата-энебиз үйрөткөндөй тазалык бар жерде – дарт болбойт! Тазалыкты сактагыла!

– Замира Низамидиновна, пайдалуу кеңештериңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Ишиңиздерге ийгилик!

19:15 08-07-2020

Фото:
Бактыгүл Султаналиева
Автор:
Бактыгүл Султаналиева

Источник

№379 5-11-январь, 2010-ж.

Өпкө оорулары кыш мезгилинде күч алары баарына маалым. Ал оорулардын бири пневмония тууралуу Эне жана балдарды коргоо улуттук борборунун хирургиялык инфекция бөлүмүнүн жетекчиси Улан Садыков баяндайт.

ООРУНУН КЕЛИП ЧЫГЫШЫНА ЭМНЕЛЕР ӨБӨЛГӨ БОЛОТ?
– Пневмония бул – өпкөнүн сезгенүүсү. Эки өпкө тең же өпкөнүн бирөөсү гана сезгенүүсү мүмкүн. Пневмониянын келип чыгышын бир нече себептер шарттайт. Алар:

  • Суукка катуу урунуу;

  • Сасык тумоодон толук айыкпай калуу;

  • Үйдүн ашыкча ным, сыз болуп, көк дат басып турушу;

  • Витаминдин организмдеги жетишсиздиги (бул иммунитеттин төмөндөшүнө алып келип, оорулардын келип чыгышын шарттайт);

  • Нерв ооруларынын таасирлери. Мисалы, ДЦП (балдардын церебралдык шал оорусу). Мындай балдар көп кыймылдабайт, таза абада көп болушпайт. Ошонун айынан өпкөдө аба, кан алмашуу калыптагыдай болбой, пневмония келип чыгышы мүмкүн.

Ушул жерден айтып кетчү нерсе, балдар арасында тубаса пневмония болуп төрөлгөндөр да кездешет. Буга эненин гинекологиялык-инфекциялык оорулары болгондугу же сасык тумоо менен ооруп, таза айыкпай калышы себеп болот.
Дем алуу жолдорунун оорулары менен жабыркагандарда (бронхит, тонзиллит, астма) пневмонияга чалдыгуу коркунучу чоң. Анткени аталган оорулар өпкөнүн калыптагыдай иштөөсүн бузат. Андыктан мындай оорусу барлар ден соолугуна көз салып, пневмониянын алдын алуулары зарыл.
Ошондой эле цемент, акиташ, топурак сатып иштегендер да өпкө ооруларына, анын ичинде пневмонияга көп кабылышат. Анткени цемент, акиташ, топурактын чаңдары аба менен өпкөгө кирип, дем алуу түтүкчөлөрүн бүтөп калат да, өпкө оорулары келип чыгат. Бул өзгөчө жаш балдарга зыян. Андыктан мүмкүн болсо, мындай иштерге жаш балдарды аралаштырбоо кажет. Ал эми чоңдорго аргасыз иштөөгө туура келсе, анда убак-убагы менен дарыгерге текшерилип туруу кажет.

ООРУНУН БЕЛГИЛЕРИ
– Оору күтүлбөгөн жерден башталат. Алгач адам катуу чыйрыгып, арадан бир нече саат өткөн соң дене табы 40 градуска чейин көтөрүлөт. Балдар ыйлап, уйкусу бузулуп, чырланат. Эмчектеги балдар эмчек эмбей, чоңдордун тамакка көөнү тартпай калат. Дем алуу кыйындап, адам энтигет.

ООРУ ӨТҮШҮП ЖЕ ӨНӨКӨТКӨ ӨТҮП КЕТСЕ…
– Оорунун белгилери билинер замат ооруканага кайрылуу зарыл. Бул оорунун өнөкөткө айланып же өнүгүп кетишинин алдын алат. Оору тереңдеп кетсе, анда бир топ оорулар келип чыгат. Алар:

  • Пиоторакс – өпкөгө ириңдин толуп кетиши;

  • Пневмоторакс – кабырга менен өпкөнүн ортосуна абанын толуп кетиши;

  • Плеврит – өпкөгө сары суунун толуп кетиши ж.б.

Эгер оорунун өнүгүп кетишинде да адам дарыланбаса, анда адам сезгенген өпкөсүнөн айрылып, алтургай өлүмгө учурашы толук мүмкүн.
Курч кармаган пневмонияны аягына чейин дарылап айыктырбаса, анда оору өнөкөт пневмонияга өтүп кетет. Оору бирде кармап, бирде оңолуп, жылдап жүрө берет да, адам оорусу кармаган сайын дарыланып убара тартат.

ДИАГНОЗ
– Диагноз коюу бир нече ыкмалар менен ишке ашырылат. Негизгиси – рентгенге тартуу. Андан тышкары анализдерин тапшыртуу, кошумча текшерүүлөрдөн өткөрүү да керек.

ДАРЫЛОО
– Диагнозго жараша дары-дармектер чектелет. Эгер оору тереңдеп кеткен болсо, анда операция жасалат. Дарылоо кезинде оорулуунун тамактануусуна да көз салынат.

ӨЗ АЛДЫНЧА ДАРЫЛАНУУГА, МАЙЛАРДЫ ШЫБООГО БОЛБОЙТ!
– Учурда бөлүмдө 1 айлык балдардан тартып 1 жашка чейинки балдар пневмония менен көп түшүүдө. Ата-энелерге айта кетчү нерсе, балдар пневмонияга, дегеле өпкө оорусуна чалдыкса, өз алдынча дарылабоо керек. Мисалы, кээ бирөөлөр иттин, суурдун майын ичирип, көкүрөккө койдун майын шыбашат. Майдын вирусту, микробду өлтүрө турган касиети жок. Тескерисинче май өпкө-боорго күч келтирип, оорудан алсыз болуп турган адамдын абалын оорлотот. Май шыбаганда ошол жер ысып чыгып, кан көп келет да, сезгенген өпкөгө ого бетер күч келтирет. Ысыктан оорулуунун дене табы ого бетер көтөрүлгөндөн тышкары, өпкөдөгү микробдор да тезден көбөйүп баштайт. Демек, май шыбоо, ооруну ого бетер күчөтүү дегендик.
Кээ бир ата-энелер балдары өпкө ооруга учураса, өз билгендеринче дары-дармектерди беришет. Ал дарылар ооруну козгогучтарды өлтүрөрүн же өлтүрбөсүнөн кабары жок эле бере беришет. Муну убакыттан уттуруу, ооруну тереңдетүү деп түшүнүү керек. Мисалы, Чүйдөн 4 айлык Жалын деген кызды алып келишкен. Сасык тумоолоп калса, ата-энеси 1 жума өз билгендеринче дарылашкан. Текшерсек, сасык тумоо пневмонияга өтүп кетиптир.
6 жаштагы Астра деген кызды Кочкордон алып келишкен. Анын өпкөсүнө ириң толуп кеткен. Дарылап жатсак, энеси кызын алып качып кетти. Кайра 2 айдан кийин апкелди эле, өпкөсү кичирейип, берчтенип кетиптир. Тактап айтканда, сезгенген оң өпкөсүнүн 30 пайызы гана иштеп, калганы иштебей калган. Операция жасап үйүнө чыгарып, январда экинчи операцияга чакырсак келишпеди. Буга түздөн-түз энеси күнөөлүү. “Байкуш кыздын тагдыры эмне болот?” деп биякта биз кабатырланып жатабыз.
Ата-энеси убагында ооруканага апкелбей оорусу күчөп, кийин өпкөсүнүн жарымынан, өпкөсүнүн бир бөлүгүнөн же бүтүндөй бир өпкөсүнөн айрылган балдар чанда болсо да кездешет. Ошондой эле балдарын табыптарга, эмчи-домчуларга алпарып айыктырбай эле, тескерисинче оорусун күчөтүп келгендер бар.
Андыктан балда­рдын ден соолугун тобокелге салбоо, өз алдынча дарылабоо керек деп айтар элем.

ЭМНЕЛЕРДИ КӨБҮРӨӨК ЖЕП, ИЧҮҮ КЕРЕК?
– Пневмониянын кандай түрү болбосун, суусундукту көбүрөөк ичүү керек. Мисалы, морс, ширелер, компот, кисель. Бал кошулган чай же дары чөптөрдүн кайнатмасына бал кошуп ичсе, дене табын түшүрүп, иммунитетти чыңдайт. Өпкө сезгенгенде, тамак витаминдерге бай болуусу кажет. Андыктан шпинат, көк пияз, жаныбарлардын (уй, кой) боорун, сарымсак жеш керек.

КЫСКАЧА

  • 22-январь – Пневмония менен күрөшүүнүн дүйнөлүк күнү. Бул күн БУУнун колдоосу артында 2010-жылы биринчи ирет белгиленди.

  • Пневмония менен 1 жылда дүйнөдө орточо эсеп менен 155 миллиондой бала ооруйт. Мунун ичинде 5 жашка чейинки 2,5 миллиондон ашуун бала көз жумат. Алардын көпчүлүгү Азия жана Африка өлкөлөрүнүн жашоочулары. Буга элдердин жашоо- турмушунун начарлыгы, санитардык эрежелердин сакталбагандыгы, дарыгерлердин жетишсиздиги, элдин медициналык жактан сабатсыздыгы себепкер.

  • Пневмония менен ар жылы орточо эсеп менен планетанын ар бир жүзүнчү адамы ооруйт. Болжол менен ооругандардын 15-20 пайызы көз жумат.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

“Супер-Инфо” гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу “Супер-Инфо” гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Источник

Учурда өпкө ооруларынын көп түрүн кездештирүүгө болот. Алардын бири – пневмония. Аталган оору менен бардык курактагы адамдар ооруйт. Биз пневмонияга жаш балдардын кабылуусу  тууралуу маалымат алуу үчүн Ош шаардык балдардын жугуштуу оорулар стационарына баш бактык.

Тамила Нуркамилова, 2-жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы:

– 5 жашка чейинки наристелерде  күч алган оорулардын бири – пневмония. Пневмония – өпкөнүн шамалдашы, сасык тумоонун кабылдап, өпкөгө таасир бериши. Сасык тумоо менен ооруган адамдын организми начар болсо, пневмониянын пайда болушуна шарт түзүп берет. Эгерде адам организми күчтүү болсо сасык тумоону тез жеңе алат.  Бул оору чоңдордо да кезигет. Өпкөнүн жабыркашына бактериялык вирустар, грибоктор себеп болот. Сасык тумоодо адамдар жөтөлөт, мурду бүтөт, дене табы көтөрүлөт, а оору өөрчүшүп кеткенде баланын  жөтөлү күчөп, жыйынтыгында өпкөнүн альвеолаларына суу толо баштайт. Бул пневмониянын белгиси. Оору күчөп  кеткенде өпкөгө ириң толуп, кабырга менен өпкөнүн  ортосунда аба пайда болуп жана өпкөгө сары суу толуп калат. Бул учурда баланы тезинен дарылабаса, оору баланы өлүмгө дуушар кылышы ыктымал. Колдон келсе ооруну өнөкөткө айлантпай, убагында дарылаганга аракет кылуу керек. Оору өнөкөт түрүнө айланса, анда оору кармаган сайын дарыланууга туура келет. Ал эми бул оорунун наристелерде, ымыркайларда көп кезигүүсүнүн негизги себеби балдардын организминин алсыздыгы, витаминдердин жетишсиздиги. Болочок эне бала бойго бүткөндөн тарта витаминдүү тамактарды көбүрөөк жеп, баланын ден соолугуна кам көрүүсү шарт.

– Учурда биздин бөлүмгө 1 айлык баладан баштап 5 жашка чейинки балдар пневмония болуп көп түшүүдө. Ата-энелерге айта кетүүчү нерсе, бала ооруп калганда өз алдынча дарылоого аракет кылбашы керек. Азыркы учурда көпчүлүк ата-энелер балдарын дарыгерге көрсөтпөй, элдик табыптарга алпарып жатышат. Бул туура эмес көрүнүш. Мисалы, баласынын өпкө оорусуна чалдыкканын билген кээ бир ата-энелер иттин, суурдун майын ичирип, көкүрөгүнө койдун майын шыбашат. Майдын вирусту, микробду өлтүрө турган касиети жок. Тескерисинче, май өпкө-боорго күч келтирип, оорудан алсыз болуп турган бейтаптын абалын оорлотот. Өз алдынча дарылоо баланын ден соолугуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Андыктан алгач дарыгердин кароосунан өтүп, анан дарыгер жазып берген көрсөтмө менен дарылоо зарыл. Оору күч алып, өпкөгө таасир бере баштаганда гана бизге көтөрүп келишет. Өздөрү жашаган аймактагы үй-бүлөлүк дарыгерлердин эскертүүсүнө кулак салбай өз алдынча дарылайм деп ооруну күчөтүп алган ата-энелер көп.

 Балдар арасында тубаса пневмония болуп төрөлгөндөр да кездешет. Буга эненин гинекологиялык-инфекциялык оорулары болгондугу же сасык тумоо менен ооруп, таза айыкпай калышы себеп болот.

– Эң алгач ооруп келген ар бир баланы толук текшерүүдөн өткөрөбүз. Кандан анализ алып, өпкөсүн рентгенге тартып дартты так аныктайбыз. Дарылоонун алгачкы тепкичинде суусундукту көп беребиз. Керектүү дарыларды берип, толук айыкканда гана ооруканадан чыгарабыз. Болбосо жогоруда айтканымдай, оору өнөкөткө айланып кетсе өмүр бою күрөшүүгө туура келип калат. Бул адатты алдын алуу биздин биринчи милдет. Ар бир эне баласын дени сак көргүсү келет. Ал үчүн бойго бүткөн күндөн баштап тынымсыз дарыгердин көзөмөлүндө болуп, дарыгердин берген кеңешин туура аткарып жүрүү зарыл. Дени сак бала бир эле үй-бүлөнүн эмес, бүтүндөй өлкөнүн келечеги боло алат.

•     Суукка катуу урунуу;

•     Сасык тумоодон толук айыкпай калуу;

•     Yйдүн ашыкча ным, сыз болушу;

•     Организмдеги витаминдин жетишсиздиги.

•     Дене табы көтөрүлөт;

•     Жөтөлү күч алат;

•     Тез-тез дем алып, энтигет;

•     Тамакка табити жоголот;

•     Ыйлап, уктабай чырланат.

Оорунун белгилери билинер замат дарыгерге кайрылуу зарыл. Эгер пневмония өнөкөткө айланып кетсе баланы өмүр бою дарылатууга туура келет.

 Бактыгүл Калдарбай кызы

Фото С.Токонов

Источник